“АЛА-ТООДОН КАРА ДЕҢИЗГЕ ЧЕЙИН” эл аралык форуму

Интеграциялык жана санариптик алкакта Кыргызстанда жаштардын коомчулукка таасирдүү иш алып барып жаткандыгы кубандырат. Бул нерсеге дагы бир себеп, үстүбүздөгү жылдын 29-31 июль күндөрү “Жаштар достук, ынтымак, биримдик, тынчтык үчүн” деген ураан менен Ош шаарында “Ала-Тоодон Кара деңизге чейин” аттуу эл аралык жаштар форуму болуп өттү. Бириккен Жаштар Уюмунун атынан форумга БЖУнун президенти А.Т.Шайкидинов жана БЖУНун вице-президенти Д.Д. Чеченбеков катышышты. Форумга Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан жаш коноктор келип катышып ой-пикир, сунуштары менен кенен бөлүшүп, терең талкуу болду. Мындан тышкары билим берүү, туризм, жаштар саясаты жана жаштар арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча багыттарга бөлүнүп пикир алышып, резолюция кабыл алынды. Башкы максат жаштар арасында ынтымакты жана достукту бекемдөө. Келген коноктор пикир алышуу менен биргеликте табияттын курчоосунда кыргыз элинин меймандостугу жана каада-салты менен таанышып Кара-Кой жайлоосунда эс алышты.
Баса белгилеп кетчү нерсе форум Ош шаарынын мэриясынын колдоосунун жана Ош шаардык жаштар комитетинин демилгеси менен уюштурулуп, өз максатына жетти!

Comments are closed.