Андижанга болгон расмий иш сапар

Бириккен жаштар уюму үстүбүздөгү жылдын 24-май күнү, расмий иш сапары менен Өзбекстан Республикасынын, Жаштар Кеңешинин Андижан областындагы башкармалыгы менен жолугушту.
Жолугушуунун алкагында ар тараптуу (билим берүү, спорт, маданият, технология долбоорлор) багыттарда иштешүүгө эки тараптын жетекчилери Юлдашев Ойбек Бахадырович менен Шайкидинов Аскар Токторбекович меморандумга кол коюшту.
Жолугушуунун негизи максаты эки өлкөнүн ортосундагы жаштардын достугун, ынтымагын, эки тараптын иштешүүсүн бекемдөө болуп саналат.
Мындан тышкары Бириккен жаштар уюму Өзбекстан Республикасынын, Андижан областынын Жаштар Кеңешинин ишмердүүлүгү менен таанышып , атайын даярдалган иш чараларга күбө болушту. Жогорудагы расмий иш сапардын алкагында Өзбекстан Республикасынын, Андижан областынын Андижан мамлекеттик университетинин кыргыз филология бөлүмүнүн студенттери менен жолугушту.
Жолугушуунун алкагында уюм тарабынан атайын чогултулган адабий китептер жана кыргыз тилин окутууга методикалык колдонмолорду (китептерди) белек кылышты.
Мындан тышкары студенттер менен пикир алышуу болуп, кыргыз тилин кеңири окутуп, жайылтууга сунуштар айтылды.
Ошондой эле жогорудагы бөлүмдүн мугалимдерин кыргыз тилин окутуу боюнча Кыргызстандан квалификациядан өтүү сунушу талкууланды.
Жыйынтыгында белектер тапшырылды, университеттеги факультеттер жана Захриддин Мухаммад Бабур атындагы тарых музейи менен таанышып чыгышты.
Бириккен жаштар уюму, университеттин жетекчилигине жана кыргыз филология бөлүмүнүн окутуучуларынын иштерине ийгилик каалайт!

Comments are closed.