Биринчи борбор Азиялык жаштар фестивалы

Бириккен Жаштар Уюмунун жетекчилери Кыргызстандын делегациясынын курамында 2019-жылдын 22-23-августунда Казакстан Республикасынын Алматы шаарында өткөрүлгөн Биринчи Борбор Азия жаштарынын фестивалына катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө:

  • Ыктыярчылык
  • IT технология
  • Билим берүү
  • Жаштар саясаты
  • Миграция
  • ЖОЖдор 

тармактарындан талкуу, мастер-класс жана долбоорлор көргөзүлүп, жакталды. Бул иш-чара Казакстан Республикасынын жаштар жылынын алкагында жана Казакстандын тунгуч Президенти, Эл басы Назарбаев Нурсултан Абишовичтин фондунун колдоосунда уюштурулуп Борбор Азиянын жаштарынын достугун жана ынтымагын бекемдөөгө себепкер болду. 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *