Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция

2018-жылы 27-ноябрь күнү Чыңгыз Айматовдун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция уюштурулду. Конференцияга борбор шаардагы жогорку окуу жайлардын студенттери катышты. Жогорудагы конференцияга жаш окумуштуулар жана студенттер макала, дилбаян жана монографияларды даярдап, жакташты. Конференциянын алкагында улуу жазуучунун карындашы Роза Айтматова менен жолугушуу болду. Илимий конференцияга жигердүү катышкан катышуучулар 1-2-3-даражадагы дипломдор, китептер жана төш белги менен сыйланышты.

Comments are closed.