Кыргыз Республикасынын Бириккен Жаштар Уюмунун төрагасы А.Т. Шайкидиновдун жетекчилиги менен Россия Федерациясынын Татарстан Республикасындагы Казан шаарында 6- февралдан 9-февралга чейинки улануучу Эл аралык айылдык жаштардын конгрессине катышып келишити. Конгресстин 6-февралда шаардык It-паркта бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда мааракелүү түрдө ачылышы болуп өттү. Конгресске дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн жана Россиянын 50 аймактарынан келген жаштар катышты. Тактап айтканда КМШ өлкөлөрүнөн, Германия, Египет, Конго, Индия, Испания, Литва, Марокко, Мексика, Нигерия, Пакистан, Польша, Португалия, Түндүк Македония, Түндүк Ирландия, Сербия, Сенегал, Түркия жана Эстониянын жаш лидерлери. Конгресстин негизги максаты аймактардагы, айылдагы жаштарды өнүктүрүүдө эл аралык кызматташтыкты жандандыруу жана тажрыйба алмашуу. Конгресс 4 күн бою экспертердин катышуусунда уланып, иш-пландар иштелип чыкты. Конгрессти Татарстан Республикасынын Агрардык Жаштар Бирикмеси Президенттик Фонддун колдоосунда уюштурду.
Last modified:
MMonday | TTuesday | WWednesday | TThursday | FFriday | SSaturday | SSunday |
---|---|---|---|---|---|---|
101.02.2021 | 202.02.2021 | 303.02.2021 | 404.02.2021 | 505.02.2021 | 606.02.2021 | 707.02.2021 |
808.02.2021 | 909.02.2021 | 1010.02.2021 | 1111.02.2021 | 1212.02.2021 | 1313.02.2021 | 1414.02.2021 |
1515.02.2021 | 1616.02.2021 | 1717.02.2021 | 1818.02.2021 | 1919.02.2021 | 2020.02.2021 | 2121.02.2021 |
2222.02.2021 | 2323.02.2021 | 2424.02.2021 | 2525.02.2021 | 2626.02.2021 | 2727.02.2021 | 2828.02.2021 |
Кыргыз Республикаснын
Бириккен Жаштар Уюму
Бардык укуктар корголгон. Сайттын материалдарын колдонууда сайтка активдүү шилтеме милдеттүү болуп саналат.
БЖУнун Жашырындуулук саясаты
Контакты
+996 704-38-36-36
+996 553-24-52-62
unitedyouthorg.kg@gmail.com
info@unitedyouth.org.kg