Эне тил жана Айтматов

 2018-жылы 14-декабрь күнү Уюм Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясы менен биргеликте Чыңгыз Төрөкуловичтин 90 жылдыгына карата “Эне тил жана Айтматов” аталышындагы маданий иш-чара уюштурду. Иш-чаранын алкагында Ч.Айматовко арналган сүрөт көргөзмөсү жана китеп жарменкеси өткөрүлдү. Кеченин коноктору Роза Айтматова, Назаркул Ишекеев жана жаштар болду. Кечеде Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде спектакль жана концерттик программа көрсөтүлдү. Жогорудагы иш-чараны өткөрүүгө чоң салым кошкондугу үчүн “Дородой Плаза” соода борборуна жана өнөктөштөргө терең ыраазычылык билдиребиз. 

Comments are closed.