“Евразия Global” эл аралык жаштар форуму

Үстүбүздөгү жылдын 12-18 август кундору «Евразия Global» Эл аралык жаштар форуму, бир жуманын ичинде 108 мамлекеттен, Орусиянын 81 аймагынан келген 800 ашуун катышуучуларды бириктирди. Бул жылы Кыргызстандын желегин желбиреткен 10 катышуучу болду. Алардын ичинде Кыргыз Республикасынын Бириккен Жаштар Уюмунун жетекчилери жана ж.б. жогорку окуу жайлардын студенттери катышышты. Бир жуманын ичинде катышуучулар көп пайдалы нерселерди билип, ар кайсы мамлекеттерден келген жаштар менен достошуп, жаны ой-пикир, идеяларга ээ болушту, Оренбург шаарынын меймандостугуна чек жок.
Форумдун расмий жабылышы 17- августта Урал дарыясынын жээгинде болуп өттү. Форумдун жабылышында Россия Федерациясынын жаштар иштери боюнча федералдык агенттигинин жана Горчаков Фондунун грант сынактарынын жайынтыктары жарыяланды. Чет элдик катышуучулар үчүн негизделген Горчаков Фондунунун гранттык сынагы Кыргызстан, Казакстан, Армения, Индия, Бразилия, Сербия, Улуу Британия, Афганистан жана Украинанын түштүк-чыгыш тарабынан келген катышуучулардын мыкты
тогуз долбоорлорун жактырышып, аларды өз өлкөлөрүндө ишке ашырууга колдоо көрсөттү. Алардын ойлору колдоого алынып, бул максатта жалпы 2,4 миллион рубль өлчөмүндөгү сыйлык тапшырылды.
Форумдун өзгөчөлүктөрүнүн бири форумдун программасы өзүнө бир нече тайпаларды жана блокторду камтыгандыгында болду: ишкердик, маданият багыты. Дагы бир өзгөчөулүгү 100 тематикалык аянттарды ишке ашыруусу жана максималдуу интерактивдик программагалардын киргизилгендигинде болду.
Белгилеп кетсек, «Евразия Global» Эл аралык жаштар форуму төртүнчү жолу өтүп, Россия Федерациясынын Президентинин буйругу боюнча 6 федерациялык макамы бар форумдардын ичине кирет. Форумдун уюштуруучулары жаштар боюнча Федералдык агентствосу, Оренбург облусунун башкармалыгы, «Жаштар Ресурстук Борбору» ФМБМси болду

Форум жөнүндө кенен маалыматы төмөндөгү шилтеме ар кылуу алсаңыздар болот

Comments are closed.