Евразия жумалыгы-2019

2019-жылдын 25-27-сентябрь күндөрү Бишкек шаарындагы Мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында уюштурулган «Евразия жумалыгы-2019» Эл аралык форумга уюмдун жетекчиси Шайкидинов Аскар Токторбекович, долбоорлоор жана уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Пулатов Илгиз катышышты. Жогорудагы Эл аралык форумга Өкмөт башчысы баш болгон 200 спикер жана сыйлуу коноктор, 2000 жалпы катышуучу болду. Форумдун экинчи күнүндө уюмдун жетекчиси Аскар Токторбекович эксперттик топтун катарында жаштар саясаты, жасалып жаткан иштер жана сунуштар туурасында билдирүү жасады. Форумдун негизги максаты ЕАЭБдин алкагында мүчөө өлкөлөрдүн интеграциялык абалын жана экономика, социалдык тармак, туризм, өндүрүш жана башка приоритеттүү багыттар боюнча кеңири форматта ишкерлер, тийиштүү тармактын өкүлдөрү баарылашууга аянтча болду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *