Евразиянын жаш лидерлеринин форуму

Кыргыз Республикасынын Бириккен Жаштар Уюмунун жетекчиси 17-21- сентябрь күндөрү Беларусь Республикасынын Минск шаарындагы ЕАЭБтин түзүлгөндүгүнүн 5 жылдык маарекесине карата Эл аралык Евразиянын жаш лидерлеринин «ЕАЭБ: ийгиликтин тарыхы» аталышындагы форумуна катышты. Форумга бизнес, билим берүү, соода-сатык, саясат, журналистика, экономикалык талдоо боюнча тармактардын өкүлдөрү катышып, пикир алмашуу болду. Бул форумда жаштарга арналган мастер-класс, интеллектулдык оюндар, экономикалык талдоолор жана социалдык долбоорлор талкууланды. Мындан тышкары Армения, Россия, Казакстан, Беларусь жана Кыргызстандан катышкан жаштар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тажрыйба алмашуу болду. Дагы бир өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе иш-каналарга болгон саякат, алардын бири белгилүү «Белаз» заводу менен таанышуу жогорку денгээлде уюштурулду. Иш-сапардын негизинде Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчисинин кенешчиси Кулукеева Айымкан Токтогуловна менен элчиликте жолугушуу болуп өттү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *