“ХХ кылымдын коомдук ишмери-Турдакун Усубалиев”

2019-жылдын 13-майында А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада Бириккен Жаштар Уюму Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган “ХХ кылымдын коомдук ишмери-Турдакун Усубалиев” аталышындагы илимий-практикалык конференция өткөрдү. Турдакун Усубалиевичти эскерүүгө көрүнүктүү саясий, партиялык, мамлекеттик, коомдук ишмерлер Джумагулов Апас Джумагулович, Базаркулов Мукаш Базаркулович, Муралиев Амангельди Мурсадыкович, Ибраимов Осмонакун Ибраимовичтер, Турдакун Усубалиевичтин жээни Осмоналиев Кубанга жана небереси Усубалиев Эрмекке сөздөр берилди. Конференцияга студенттер илимий докладдарын жактады. Ар бир катышуучуга катышкандыгы үчүн сертификат менен Т. Усубалиевдин китептери берилди.
КМЮА студенти Бекназаров Жакшылык эң мыкты доклад жактагандыгы үчүн ардак грамота, кызыктыруучу сыйлык менен сыйланды.

Comments are closed.