Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу дене тарбия жана спорт, жаштар иштери мамлекеттик агенттиги тарабынан, ООНдун жана
Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен 10-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата жаштар фестивалы болуп өттү.
Фестивалга Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А. Омурбекова, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж. Ормонов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу дене тарбия жана спорт, жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору К.М. Аманкулов, Ош шаарынын вице-мэри Н.Кадыров, Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана Ош шаарынын активдүү жаштары катышышты. Бул фестивалга Бириккен Жаштар Уюмунун Ош шаарындагы башкармалыгынын жетекчилери дагы катышып, иш-чарага күбө болушту. Ош шаарынын жаштар комитетинин жогорудагы иш-чараны чакыруусуна жана уюштуруусуна терең ыраазычылык билдиребиз!
Аймактар менен байланыш
Биздин аймактагы мектепти качан оңдошот?
🔷 Биздин аймактагы мектепти качан оңдошот? 🔷 Качан биздин айылдын улгайган адамдары көчөдө күйгөн таштандынын түтүнүнө муунбай калат? Качан таза суу менен камсыз кылууга акча табылат? 🔷 Эгерде ушул маселелердин бири сизди тынчсыздандырса же ушул Read more…
0 Comments