«Башталгыч фермер» эл аралык бизнес оюнуна катталуу эпидемиялогиялык кырдаалга байланыштуу 15-октябрга чейин узартылды!!!

«Башталгыч фермер» бизнес оюну 2012-жылдан баштап Россиялык айылдык жаштар кеңешинин уюштуруусунда Россия Федерациясынын аймактарындагы Жогорку окуу жайларда айыл-чарба , ишкердик, экономика, менеджмент, айыл-чарба тармагын башкаруу, маалыматтарды топтоо жана анализдөө жана ошондой эле бизнес пландоо тармагында жаштарды кызыктыруу жана шыктандыруу, командалык топтордоо иштөө тажрыйбасын арттыруу максатында  ар жыл сайын уюштурлуп келет.

Бизнес оюн 2020-жылы биринчи ирээт  Эл аралык деңгээлде уюштурулуп жатат. Кыргызстандын дагы жаштары четте калбастан бул бизнес оюнга толук түрдө катышышат. Катышуучу өлкөлөр Армения, Беларусия, Германия, Казахстан, Кыргызстан жана Россия Федерациясы.

Сиз бул оюнга катышуу менен көптөгөн тажрыйба топтоого, Эл аралык тажрыйба алмашууга чоң мүмкүнчүлүккө ээ болосуз жана албетте жаңы бизнес өнөктөштөрдү, досторду табууга пайдалуу аянтча болот. Катышууга шарттар оңой эле, болгону эмгектенүүнү талап кылат!

 

Эгер катышууну кааласаңыз анда 5 адамдан турган тайпаны (команда) топтоңуз, тайпанын мүчөөлөрү  16дан 35 жашка чейинки жараандар болушу зарыл: ЖОЖдордун студенттери, магистранттары жана аспиранттары, лицейлердин, мектептердин жогорку класстарынын окуучулары (10-11 кл.), жана ошондой эле айыл-чарба, өндүрүш, туризм тармактарындагы  жаш ишкерлер  дагы катышууга толук мүмкүнчүлүгү бар.

Оюн үч этапта өткөрүлөт: улуттук, эл аралык (жарым финал), эл аралык (финал). Бизнес оюндун тармактары:

1) айыл-чарбанын жана өндүрүштүн баардык тармактары;

2) туризим, агротуризим;

3) ишкерлик;                                  

4) айыл-чарба тармагындагы жаңы технологиялык долбоорлор

 Эл аралык финалга катышууга жолдомо алган тайпалардын катышууга керектүү каражатын (авиабилет, жатакана, тамак-аш) уюштуруучулар толук түрдө камсыздайт. Финалдык этап Россия Федерациясынын Москва шаарында уюштурулат. Эл аралык Москва шаарында өтө турган “Алтын күз” жарманкесине дагы катышууга толук мүмкүнчүлүк бар.

Финалдын жеңүүчүлөрү Эл аралык оюнга катышкан мамлекеттеринде стажировка өтүүгө мүмкүнчүлүк болот.

Оюндун шарттары боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөндөгү ссылка аркылуу биле аласыздар:

толук маалымат

же көрсөтүлгөн номерлерге байланышка чыксаңыздар болот:

+996 553 24 52 62