2021-жылдын 18-20-май күндөрү Россия Федерациясынын Москва шаарында болуп өткөн “Башталгыч Фермер” Эл аралык бизнес оюнунун финалынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.
Долбоорлорду жактоого жана Кыргызстандын намысын коргоого катышкан үч команда тең байгелүү орундарга ээ болушту, атап айтканда:
• ” ‘КеремЭт’ Балыкчы шаарындагы касапкана жана эт комбинатынын курулушу” долбоорун жакташкан КМЮУнун курама командасы эл аралык жана аймактык деңгээлде тажрыйба алууга жолдомо утуп жана башка баалуу сыйлыктарды алышты;
• ” ‘Bio-Spe’ сөөлжандардын жардамы менен органикалык калдыктарды утилдештирүү долбоорун жакташкан К.И.Скрябин атындагы КУАУнун командасы “мыкты долбоор” деген дипломдорго жана баалуу сыйлыктарга ээ болду
• ” ‘Аграриус’ картошканын үрөөнүн залалсыз жол менен өндүрүү” долбоорун жакташып К.И.Скрябин атындагы КУАУнун командасы дипломдорго жана баалуу сыйлыктарга ээ болду, ал эми команданын капитаны “AgroXperia” компаниясы тарабынан атайын белек утуп алып акысыз Германиядан тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Презентациялар төрт категорияда өттү: мектеп командалары, колледждер менен ЖОЖдордун командалары, жаш адистерден жана ишкерлерден түзүлгөн командалар.
«Катышуучулар узак жолду басып өтүштү. Бул жолугушууну бир жылдан ашуун күттүк. Биздин финал болуп өткөнүнө жана биз КМШ өлкөлөрүнөн келген өнөктөштөр менен тыгыз байланышта иштеп жаткандыгыбызга абдан кубанычтамын. Бул чоң кызматташуунун башталышы гана деп ишенем. Бүгүн биз кесиптештерибиз менен келишимдерди түзөбүз жана, албетте, өз ара аракеттенүүбүздү уланта беребиз! ”, – деп өз оюн Россиянын Айылдык Жаштар Бирлигинин төрайымы Юлия Оглоблина билдирди.
Эске салсак, бизнес оюн улуттук деңгээлде Кыргызстандын Бириккен Жаштар Уюму тарабынан уюштурулган, ал эми финалдык этап Россия Федерациясынын Айылдык Жаштар Биримдиги тарабынан сегизинчи жыл катары менен өткөрүлүп, былтыр биринчи жолу эл аралык деңгээлге чыккан. Ага Беларуссия, Кыргызстан, Армения, Казакстан, Германия, Азербайжан жана албетте Россиядан жаштар катышты.