2020-жылдын 23-декабрь күнү Жаштар борборунда Бириккен Жаштар Уюму тарабынан уюштурулуп жаткан «Башталгыч фермер» эл аралык бизнес оюнунун (сынак) улуттук этабы (республикалык) болуп өттү.

Сынак Жогорку окуу жайларда айыл-чарба, ишкердик, экономика, менеджмент, айыл-чарба тармагын башкаруу, маалыматтарды топтоо жана анализдөө жана ошондой эле бизнес пландоо тармагында окуган студенттерди, жаштарды кызыктыруу жана шыктандыруу, командалык топтордоо иштөө тажрыйбасын арттыруу максатында уюштурулду. Оюн үч этапта өткөрүлөт: улуттук, эл аралык (жарым финал), (финал). Бизнес оюндун тармактары:

1) айыл-чарбанын жана өндүрүштүн баардык тармактары;

2) туризим, агротуризим;

3) ишкерлик;

4) айыл-чарба тармагындагы жаңы технологиялык долбоорлор.

Бизнес оюн 2020-жылы биринчи ирээт Эл аралык деңгээлде уюштурулуп жатат. Кыргызстандын дагы жаштары четте калбастан бул бизнес оюнга 10дон ашык команда катышып, эң мыкты делип 3 команда жогорку упайларды топтоп жеңүүчү аталышты. Алар Кыргыз Мамалекеттик Юридикалык Университетинин студенти Жакшылык Бекназаров жетектеген команада “Нарын-Эт”, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук Агрардык университетинин студенти Байбосунов Азизбек жетектеген команда “Аграриус” (вируссуз картошка өндүрүү) жана ушул эле университеттин студенти Акималиева Жыпар жетектеген команда “Тамак-аш калдыктарын жок кылуу” боюнча бизнес пландарын иштеп чыгышып, сынактын эл аралык  экинчи этабына жолдомо алышты.

Сынакка катышып жаткан өлкөлөр Армения, Беларусия, Германия, Казахстан, Кыргызстан жана Россия Федерациясы.

Жаштар, студенттер бул сынакка катышуу менен көптөгөн тажрыйба топтоого, эл аралык тажрыйба алмашууга чоң мүмкүнчүлүккө ээ болушат жана албетте жаңы бизнес өнөктөштөрдү, досторду табууга пайдалуу аянтча болот.

Эл аралык финалга катышууга жолдомо алган тайпалардын катышууга керектүү каражатын (авиабилет, жатакана, тамак-аш) уюштуруучулар толук түрдө камсыздайт. Финалдык этап Россия Федерациясынын Москва шаарында уюштурулат. Финалдын жеңүүчүлөрү эл аралык оюнга катышкан мамлекеттерде тажрыйбадан өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.