12-октябрда Бишкекте жаштар саясаты тармагында иш жүргүзгөн коммерциялык эмес уюмдардын жолугушуусу өттү.
Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын Билим, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтерек, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Кемелова, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевдин катышуусу менен өтүп, ага Талас, Нарын, Ысык- Көл, Ош, Баткен, Жалал- Абад облустарынан, Бишкек жана Ош шаарларынан келген коммерциялык эмес уюмдардын жетекчилери, координаторлору жана өкүлдөрү катышты.
Иш –чара жаштар уюмдарын бирдиктүү мамлекеттик саясаттын айланасына топтоого багытталып, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “2025 -жылга чейин жаштар саясатын өнүктүрүү стратегиясын” тааныштырууга багытталды. Ошондой эле, иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Союзбек Надырбеков жаштар саясаты чөйрөсүндө иш жүргүзгөн коммерциялык эмес уюмдардын Координациялык кеңешинин алкагында кызматташуунун механизмдерин жана “Биздин келечек” аттуу жаштар концепциясынын презентациясын сунуштады. Мындан тышкары жаштар үчүн иштелип чыккан жаңы расмий жаштар порталынын долбоору талкууланды.
Уюмдун төрагасы Шайкидинов Аскар Координациялык кеңештин жобосуна, жаштар саясатындагы иш-чараларды иштеп чыгуу, уюштуруу жаатындагы учурдун талабындагы багыттарга басым жасоону, жаштарга жеңилдетилген насыя, ипотека берүү, демилгелүү жаштардын долбоорлорлорун ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында атайын колдоо фондун түзүү, жаштарга арналган телеканал ачуу, жайкы маданий лагерлерин уюштуруу, эл аралык алкактагы долбоолорду ишке ашыруу боюнча сунуштарын билдирди.