Уюм тууралуу маалымат
Бириккен Жаштар Уюму Кыргыз Республикасында жана эл аралык деңгээлде жаштар саясатын жана жаштарды өнүктүрүү максатында жаш лидерлердин демилгеси менен 2017-жылы негизделген. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен 2018-жылдын 6-июнунда коомдук бирикме катары расмий түрдө күбөлүкө ээ болуп, бүгүнкү күнгө чейин ийгиликтүү иш алып барууда.
Уюмдун негизги максаты өлкөбүздүн жаштар саясатын жана келечек муунду ар тармактуу өнүктрүүгө салым кошуу болуп саналат. Эл аралык деңгээлде Кыргызстандын жаштарынын тажрыйба алмашуу, достукту бекемдөө, эки тараптуу иш алып баруусуна өбөлгө түзүү максатында КМШ, ЕАЭБ жана Европа өлкөлөрүнүн жаштар лидерлери жана уюмдары менен тыгыз кызматашаууда.
Бүгүнкү күндө уюм мамлекет башчысынын жана мамлекттик органдар тарабынан жаштар саясатын өнүктүрүү демилгелеринин алкагында иш-пландарды иштеп чыгып, иш жүзүнө ашырууга катышууда.
Уюм тарабынан 2017-жылдан бери билим берүү, маданият, ыктыярчылык, туризм, экология, айыл-чарба, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана башка жаштарга багытталган тармактарда республикалык жана эл аралык деңгээлде долбоорлорду, иш-чараларды уюштуруп келет. Мисал катары санап кетсек, 2018-жылы “Республикалык жаш лидерлердин жана жаштар уюмдарынын” форуму, Чыңгыз Айтматов, Турдакун Усубалиев, Исхак Разаков, Жусуп Абдрахмановдун маарекелик жылдарына арналган илимий конференциялар, аймактардагы мектеп окуучуларына кошумча билим берүү максатында “Жаңы толкун 5.0” долбоору, Эл аралык “Башталгыч фермер” бизнес оюну, мамлекттик тилди жана кыргыз тилиндеги адабиятты өнүктүрүү максатында электрондук онлайн библиотеканын ачылышы, эл аралык эки тараптуу келишимдерди түзүү жана башкалар.
Уюмдун келечектеги миссиясы Кыргызстандын жаштарынын биримдигин, достугун жана учурдун талабында ар тармактуу өнүгүшүнө багытталган ири долбоорлорду ишке ашыруу.