🔷 Биздин аймактагы мектепти качан оңдошот?

🔷 Качан биздин айылдын улгайган адамдары көчөдө күйгөн таштандынын түтүнүнө муунбай калат? Качан таза суу менен камсыз кылууга акча табылат?

🔷 Эгерде ушул маселелердин бири сизди  тынчсыздандырса же ушул жылы өзүңүздүн жана кошуналарыңыздын жашоосун жакшыртуу боюнча так сунушуңуз болсо, мэриянын жана айыл өкмөттөрдүн бюджетин талкуулоого катышыңыз! 

🔷 Биз , бизден эч нерсе көз каранды эмес деп ойлоп көнүп калганбыз.  Андай эмес!   Үстүбүздөгү жылдын июнь – июль айларында бюджеттин долбоорун талкуулоо башталат жана ар бирибизде өзүбүздүн жайлуу жашообузга,   балдарыбыздын жаркын келечегине таасир этүүгө мүмкүнчүлүк бар! 

❗ Бул үчүн коомдук талкууларга катышуу керек ( бул тууралуу ЖӨБ органдары алдын ала кабарлайт) же “Жарандык бюджет” https://gb.minfin.kg  сайтына онлайн талкуу үчүн суроо же сунуш пикириңизди жайгаштырышыңыз . А эгер https://gb.minfin.kg сайтынан жергиликтүү бюджетти окууну баштасак –  бюджеттин долбоорун талкуулоого чейин даяр болуп калабыз жана негизги көйгөйлөрдү талкуулай алабыз.