Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган илдет (таажывирус) континентге, өлкөгө, элге бөлүп карабастан жайылып, адамзатты кыйын учурга жана абалга дуушар кылды. Өлкөбүздө шартка байланыштуу өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу калктын айарлуу катмарына, тартип кызматкерлерине жана өз жанын тобокелге салып, жан аябай иш аткарып жаткан медицина тармагынын кесипкөйлөрүнө ар тараптан колдоо көрсөтүү демилгеси жаралып, ар тармактын өкүлдөрү өз колунан келген жардамдарын аябай беришүүдө.
Биздин уюм дагы четте карап турбастан өз салымын жаштар менен биргеликте акция уюштуруу менен Москва районунун Беловодский айыл аймагындагы колдоого муктаж үй-бүлөөлөргө күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк таратылды. Мындан тышкары уюмдун ыктыярчылары (волонтер) Элдик штабда жардам ирээтинде кызмат кылышууда.
Активдүү кызмат кылып жаткан уюмдун жетекчилери Чеченбеков Даниэл, Жумашов Өмүрбек, Раатбек уулу Бактилекге терең ыраазычылык билдиребиз.
Уюм эгер демөөрчүлүк көргөзүп, муктаж үй-бүлөөлөргө жардам кылып азык-түлүк таратуу максатында ар дайым кызматташууга даяр.