“Гейдар Алиевдин чечендик мектеби” –  Кыргызстан эл аралык дебат чемпионатынын улуттук этабынын финалы:

2023-жылдын 14-май күнү Бириккен Жаштар Уюму, Ислам кызматташтыгынын Жаштар Форумунун Евразиялык аймактык борбору жана “Жарандык коомдогу дебаттар” уюму менен биргеликте, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан жаштар Конгрессинин жана Салымбеков Университетинин колдоосунда   “Гейдар Алиевдин чечендик мектеби” –  Кыргызстан эл аралык дебат чемпионатынын улуттук этабын  ийгиликтүү өткөрүп алдык!

 

Бул дебаттык турнирге 36 команда (72 катышуучу) активдүү катышып, турнир абдан кызыктуу өттү!

Турнирдин жыйынтыгында 🏆🏆🏆

🥇1-орунду Самсалиев Алим, Токтосунов Адилет

🥈2-орунду Альменбаев Абай, Швидко Марк

🥉3-орунду Осконбаев Эрдан, Оморов Максат

ээлеп, диплом жана кызыктыруучу белектер, акчалай сыйлык менен сыйланышты жана жалпы катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Ал эми 1-орунду алган командага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жана Жаштар Конгрессинин төрагасы Аскар Шайкидинов Эл аралык дебаттык турнирге Кыргыз Республикасынан катышууга жолдомону, акчалай сыйлык жана дипломдорду  ыйгарышты.

Турнирдин максаты жаштардын дебат жаатындагы билимин жана тажрыйбасын жогорулатуу, эл алдында сүйлөө жөндөмдүүлүгүн арттыруу болуп саналат жана бул турнир максатына жетти деп ойлойбуз.

Турнирдин жыйынтыгында дебаттын катышуучулары жана башкы сот Самат  Анаркулов уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип, турнир эң мыкты деңгээлде уюштурулганын жана ар бир турнир дебатерлер үчүн чоң майрам экенин баса белгилеп өттү