Урматтуу достор сиздерди 14-май күнү жаштар жана студенттер үчүн Бириккен Жаштар Уюму, Ислам кызматташтыгынын Жаштар Форумунун Евразиялык аймактык борборунун уюштуруусунда жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан жаштар Конгрессинин, Салмбеков Университетинин жана «Жарандык коомдогу дебаттар» уюмунун колдоосунда өтө турган Евразиянын мусулман мамлекеттеринин «Гейдар Алиевдин чечендик мектеби»-Кыргызстан, эл аралык дебат чемпионатынын улуттук этабына катшууга чакырабыз! Дебаттын өтүү форматы “БПФ”.
Иш-чаранын максаты жаштардын дебат жаатындагы билимин жана тажрыйбасын жогорулатуу, эл алдында сүйлөө жөндөмдүүлүгүн арттырууга уюштурулуп жатат.
Турнирдин жеңүүчүлөрүн жана катышуучуларын Эл аралык дебаттык турнирде өз өлкөсүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгү, кызыктыруучу сыйлыктар күтөт. Турнир, орус тилинде өтөт. Орундар чектелүү!
Катталуу үчүн: https://forms.gle/F7m2poV6UhdvM5Gi7
Суроолор боюнча: 0552 44 70 90
Дедлайн: 12-май 2022-жыл
Өтө турчу жайы жана күнү: И. Аухунбаев көчөсү 125\2, Салымбеков Университети, 14-май саат: 09:00
Катталуу жана катышуу акысыз!
Uncategorized
“Түрк тилдүү жаштардын” эл аралык фестивалы!
“Түрк тилдүү жаштардын” эл аралык фестивалы! 11-15-июль аралыгында Өзбекстандын Кокон шаарында “Түрк тилдүү жаштардын” эл аралык фестивалы болуп өттү! Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташуу, жаштардын социалдык-экономикалык активдүүлүгүн жогорулатуу, аларды бизнес,туризм Read more…