Съездин үчүнчү күнү кандай өттү десеңиз? Анда бизден кеңири маалымат!)
Күнүбүз катышуучулардын даярдан долбоорлорунун презентациясы менен башталды; мыкты долбоорлор жаңы түзүлгөн Ассоциациянын жол картасына киргизилди.
Тактап айтканда, алар:
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн долбоорлор борборунун компетенциялары;
Красноярск экономикалык форумунун жана “ПроКор” долбоордук семинарынын алкагында “Муун-2030” жаштар платформасы;
Жаш дипломаттардын “YouthDip” эл аралык форуму;
“Эл аралык дипломатиянын мектеби”;
“Жаштар туризмин өнүктүрүү”;
“Жаш ишкерлер” эл аралык форуму;
Кейс-чемпионат “Жаш чечимдер”.
Андан кийин Россия Федерациясынын Жаштар Өкмөттөрүнүн Ассоциациясы менен Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстандын, жаштар уюмдарынын өкүлдөрүнүн ортосунда тегерек стол болуп өттү .
“Келечектин компетенциялары: жаңы форматтагы көндүмдөр” эксперттик сессиясы уюштурулду.
Ошондой эле, катышуучулар “Самбек бийиктиги”мемориалдык комплексинин айланасына экскурсияга бардык.
Күндүн акыркы окуясы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жаштардынын өзүн-өзү башкаруу ассоциациясынын ишмердүүлүгүнүн алкагында долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол кою болду.