2-июль “ИКУ модели эл аралык мамилелер академиясы 2022” долбоору ИКУ Евразия регионалдык жаштар форумунун борбору, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Бириккен жаштар уюму, Кыргызстандын Жаштар Конгресси жана “Active volunteers” КФ менен өнөктөштүктө уюштурулган симуляциялык конференциянын ачылуу аземи болуп өттү. Конференцияны Кыргызстан Жаштар Конгрессинин төрагасы Аскар Шайкидинов расмий ачып, ИКУнун Жаштар форумунун Таха Айхан мырзанын катышуучуларга видео куттуктоосу көргөзүлдү.
Конференциянын спикери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Айдарбеков Чингиз Азаматович жана Жогорку Кеңештин депутаты Сурабалдиева Эльвира катышуучуларга эл аралык мамилелер боюнча баяндама жасап, делегаттардын кызыктырган суроолоруна жооп беришти.
Конференциядагы кадырлуу коноктордун бири Кыргызстандагы Иран Ислам Республикасынын элчилигинин кеңешчиси, маданият бөлүмүнү башчысы Таги Ростомян катышып, иш-чаранын катышуучуларына ийгилик каалады. ИКУнун Жаштар форумунун Евразиялык аймактык борборунун ишмердүүлүгү жана долбоорлору боюнча аталган мекеменин координатору Саид Оманов мырза делегаттарга онлайн форматта презентация көргөздү.
Конференциянын жүрүшүндө делегаттар спикерлерден Кыргызстандын эл аралык мамилелери, тышкы карыз, чек ара жана дипломатия боюнча көптөгөн кызыккан суроолоруна жооп алышып, кеңири маалыматка ээ болушту.