“ИКУ модели эл аралык мамилелер академиясы 2022” долбоорунун симуляциялык конференциясынын экинчи бөлүгү длегаттардын 1. Ислам билим берүү, илим жана маданият уюму
2. Экономика жана маданият иштери боюнча Ислам комиссиясы
3.ИКУнун тышкы иштер министрлеринин кеңеши
4. Ислам илимий-техникалык өнүгүү фонду комитеттеринде иштөөсү менен коштолду. Комитеттерде ИКУга мүчө 20дан ашуун мамлекеттердин жогорудагы тармактар боюнча ар тараптуу жетишкендиктерин, көйгөйлөрүн талкуулашып, өнүктүрүү боюнча өз сунуштарын билдиришти. Конференциянын жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, “Мыкты спикер”, “Мыкты делегат” “Мыкты билдирүү кат” номинациялары жана жалпы катышуучуларга сертификаттар ыйгарылды. “Мыкты спикер” номинациясын алган Касымкулова Акылай, Сагынбек кызы Мырзайым, Нурланов Эмирлан Асанкарыев Нурбол долбоордун эл аралык этабында Кыргызстандын атынан катышышат. Конференцияга активдүү 100дөн ашуун делегат, эксперт жана ыктыярчылар катышышты.