А. Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканынын Абай Кунанбаев атындагы борборунда Казахстан Республикасынын Жалпы улуттук “Бөбек” кыймылынын жетекчилери Абиев Еркебулан Муратович, Ешим Елнур Омарович, Мадекешова Бибатпа менен жолугушуу болуп өттү. Конокторду китепкана жана борбор менен тааныштырып, кыскача маалымат берилди.
Жолугушуунун негизги максаты илимий изилдөө, билим берүү тармагында ийгиликтерди жараткан студенттерди, жаштарды колдоо жана шыктандыруу боюнча долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу.
Эске сала кетсек “Бөбек” кыймылы “КМШ өлкөлөлөрүнүн мыкты студенти” деген эл аралык сынакты ийгиликтүү уюштуруп келишет. Сынакта Кыргызстандын студенттери да ийгилик жаратышып, “мыкты студент” наамына ээ болушкан.
Кызматташуунун алкагында илимий конференцияларды, сынактарды жана ар тараптуу долбоорлорду ишке ашыруу максатында эки тараптуу келишимге уюм жеткчилери кол коюшту. Келишимдин негизинде эки боордош элдин жаштарынын достугуна, ынтымагына, тажрыйба алмашууга багытталган иштер аткарылат деген ишеничтебиз!