Кыргыз Республикасынын Бириккен Жаштар Уюму азыркы учурда Түрк Кеңешинин төртүнчү эл аралык жайкы жаштар лагерине катышып жатышат. Аталган лагерь Казакстан Республикасынын Зеренда аймагында 2019-жылдын 13-26-июлуна чейин болот.
Жаштар лагеринин башкы максаттары: Түрк тилдүү мамлекеттердин жаштарынын арасында маданий диалог түзүү, жаштар саясатында тажрыйба жана инновациялар менен бөлүшүү болуп саналат.