КР Бириккен Жаштар Уюмунун президенти – Шайкидинов Аскар Токторбекович Кыргызстандын делегациясынын курамында КМШга мүчө мамлекеттердин жаштар форумуна катышты.
24-26-октябрда Казакстан Республикасынын Шымкент шаарында КМШга катышуучу мамлекеттердин жаштар форуму болуп өттү.
Бул иш-чара 2020-жылга чейинки мезгилге КМШга катышкан мамлекеттердин эл аралык жаштар кызматташтык стратегиясынын негизги милдеттерин ишке ашыруу максатында уюштурулган.
Форумдун негизги максаты: коммуникациялык аянтчаны түзүү жана маданияттар аралык диалог, жаштар арасындагы лидерлерикти өнүктүрүү болуп саналат.
Форумдун дискуссиялык аянтчалары төмөндөгү багыттар боюнча өттү:
• “Волонтердук – жашоо образы»;
• “Бизнес-блог»;
• “Социалдык реалдуулук”»;
* “Чыгармачылык Устат”.
Дискуссиялык аянтчалардын алкагында Кыргыз Республикасынын делегаттары жаштар саясатынын потенциалын мындан ары жогорулатуу боюнча өз долбоорлорун сунушташты жана КМШ мамлекеттеринен катышуучулар менен тажрыйба алмашышты.

Белгилей кетсек, Форум Казакстан Республикасынын Маалымат жана коомдук өнүктүрүү министрлиги тарабынан өткөрүлгөн.


0 Comments

Leave a Reply

Avatar placeholder

Your email address will not be published.