Жолушушууга Азербайжан Республикасынын “Агрардык өнүгүүнүн ыктыярчылары” жаштар уюму жана Азербайжан Мамлекеттик агрардык университетинин студенттери менен Бириккен Жаштар Уюмунун жетекчилиги, Кыргыз улттук агрардык университетинин активдүү студенттери катышты. Уюм жетекчилери Алиев Камрян жана Аскар Шайкидинов эки элдин жаштарынын достугун бекемдөөгө багытталган жолугушуу экенин баса белгилешти.
Онлайн-жолугушууда жаштарды өнүктүрүүдө айыл-чарба тармагы боюнча долбоорлорду биргеликте иштеп чыгуу, тажрыйба алмашуу, эки тараптуу иш-чараларды уюштуруу сунуштары талкууланды. Жолугушууда эки тараптуу сунуштарды ишке ашырууга жумушчу топ түзүү демилгеленди.