2019-жылдын 20-декабрь күнү Кыргыз-Түрк Манас Университетинде “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрү фонду тарабынан “Кыргыз Республикасындагы заманбап коомдун өнүгүсүндө жаштардын орду” аталышындагы | республикалык илимий-практикалык жаштар симпозиуму уюштурулуп, Бириккен Жаштар Уюмунун президенти Шайкидинов Аскар Токторбекович катышып, “Бүгүнкү кыргыз коомчулугундагы жаштардын орду, келечеги жана саясатка болгон көз карашы” деген темада доклад окуду. Симпозиумдун негизги максаты жаштардын илимий чөйрөдөгү потенциалын жогорулаттуу, ой-пикирлерин талкуулоо жана резолюция кабыл алуу болуп саналат. Кийинки симпозум мындан дагы чоң масштабда өтөт деген ишеничтебиз жана уюштурууга салым кошууга даярбыз.