2021-жылдын 9-мартында Жаштар борборунда уюмдун жетекчилиги менен Венгрия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчичиси Шандор ДОРОГИ мырза менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун учурунда эки тараптуу кызматташуунун максатын, айрыкча Венгриянын жаштар уюмдары жана жаштар саястын ишке ашыруу жаатында тажрыйба алмашуу талкууланды. Өз кезегинде элчи мырза эки өлкөнүн кызматташтыгы акыркы учурда жаңы баскычта жана тыгыз байланышта ишке ашып жатканын баса белгилеп, маданий-гуманитардык, билим берүү, маданият жана тарых жаатында жаштардын кызматташтыгын, достугун бекемдөөгө өз сунушун билдирип өттү.

Уюмдун жетекчиси Шайкидинов Аскар эки элдин тарыхий, маданий байланыштыгын белгилеп эки өлкөнүн жаштарынын өз ара кызматташтыгын жандандыруу жаатында сунуштарын билдирип, элчилик менен тыгыз кыматташууга уюм дайым даяр экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында сунуштарды ишке ашыруу жана кызматташтыкты бекемдөө максатында тийиштүү чечимдер кабыл алынды. Элчи мырзага терең ыраазычылык билдиребиз жана элчиликтин ишине йгилик каалайбыз!