2020-жылдын 11-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Бириккен Жаштар Уюмунун президенти Шайкидинов Аскар Токторбекович төрагасы менен Россиялык айылдык жаштар кеңешмесинин төрайымы Юлия Оглоблина менен кызматташуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюшту.

Жаштар уюмдарынын лидерлери мүмкүн болгон жана биргелешкен иш-чаралардын планын талкуулашты. Баарыбызга маалым болгондой 2020-жыл Кыргызстан менен Россия Федерациясынын кайчылыш жылынын алкагында уюштурулуучу иш-чаралар жана долбоорлор да талкууланды.  ” Биз, албетте, чет өлкөлүк кесиптештерибиз менен эл аралык мыкты практикалар менен алмашуу жаатында, айылдык жаштарды өнүктүрүү, аймактардын арасында мектеп окуучуларды, студенттер жана жаш адистерди коомдук иштерге катыштыруу боюнча өз тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө ар дайым кубанычтабыз” – деди Юлия Оглоблина.