Республикасынын “Республикалык жаштар конгресси” өттү

25-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусунда “Республикалык жаштар конгресси” өттү.Аталган иш-чаранын негизги багыты улуттук кызыкчылык үчүн мамлекеттик органдар менен жаштар уюмдарынын күчүн пайдалануу жана кызматташуу үчүн жаңы “Биздин келечек” аттуу жаштар Программасы жалпы делегаттарга тааныштыруу болуп саналат. Ошондой эле жаштарга багыт көрсөтүү, Read more…

Бишкекте жаштар саясаты тармагында иш жүргүзгөн коммерциялык эмес уюмдардын жолугушуусу өттү

12-октябрда Бишкекте жаштар саясаты тармагында иш жүргүзгөн коммерциялык эмес уюмдардын жолугушуусу өттү.Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын Билим, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтерек, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Кемелова, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевдин катышуусу менен өтүп, ага Read more…

Мамлекеттик тилге 30 жыл

23-сентябрь кыргыз тили Кыргыз Республикамынын Мамлекеттик тил макамын алгандыгынын 30-жылдык маарекесине карата Бириккен Жаштар Уюму жана Ленин райондук администрациясы жумалык иш-чаралардын ачылышы катары тилдин бүгүнкү абалын талкуулоо максатында жолугушуу уюштурду. Жолугушууда кылым карыткан тилдин бүгүнкү күндөгү абалы, өнүгүшү, колдонулушу жана коомчулуктун ой-пикири талкууланып, бир топ сунуштар айтылды. Кыргыздын жеринде, мекенибизде Read more…

Андижанга болгон расмий иш сапар

Бириккен жаштар уюму үстүбүздөгү жылдын 24-май күнү, расмий иш сапары менен Өзбекстан Республикасынын, Жаштар Кеңешинин Андижан областындагы башкармалыгы менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында ар тараптуу (билим берүү, спорт, маданият, технология долбоорлор) багыттарда иштешүүгө эки тараптын жетекчилери Юлдашев Ойбек Бахадырович менен Шайкидинов Аскар Токторбекович меморандумга кол коюшту. Жолугушуунун негизи максаты эки өлкөнүн Read more…

Китеп бул- улуу нерсе, эгер аны адам колдоно билсе

2019-жылдын 15-апрелинде Спорт ордосунда жайгашкан Жаштар борборунда Бириккен Жаштар Уюму «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылына карата Лариса Буракованын “Грузия кантип реформа жасай алды” чыгармасы боюнча үчүнчү китеп сынагын өткөрдү. Интеллектуалдык оюн брейн-ринг түрүндө өткөрүлдү. Сынактын жеңичүүлөрү Муратбекова Айнек (1-орун), Улушбеков Азатбек (2-орун), Муратбеков Элмирбек (3-орун) болуп чыгышты.

Кыз-жигит сармерден

2019-жылдын 19-мартында Бириккен Жаштар Уюму жаштар арасында «Кыз-жигит сармерден» оюнунун уюштурду. Бул иш-чараны маданият бөлүмүнүн жетекчиси Раатбек уулу Бактилек уюштурду. Иш-чаранын жүрүүсүндө ырлар ырдалып, макал-ылакаптар , жаңылмачтар, табышмактар айтылды. Калыстар тобунда кыргыз Эл Артисти, белгилүү композитор Атайбек Бөдөшөв агайыбыз, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Анара Сарымсакова эжейибиз жана Чыңгыз Айтматов атындагы Read more…

Китеп бул- улуу нерсе, эгер аны адам колдоно билсе

2019-жылдын 14-мартында Спорт ордосунда жайгашкан Жаштар борборунда Бириккен Жаштар Уюму «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылына карата Куштарбек Кимсанов жана Курсанали Баймурадовдордун “Өлкөнү өнүктүрүүчү өзгөчө өрнөктөр” чыгармасы боюнча экинчи китеп сынагын өткөрдү. Сынактын шарттары өзгөрүлбөй,интеллектуалдык оюн 3 тур менен өттү. 1-турда катышуучулар тест түрүндө түзүлгөн суроолорго жооп беришип, жогору упайларды Read more…

Улуттук баалуулук бүгүн жана эртең

2019-жылдын 13-мартында КУУнун башкы имаратында Жогорку Кеңешинин депутаты, саясат таануу илимдеринин доктору, белгилүү публицист, журналист жана акын-жазуучу Иманалиев Каныбек Капашович менен жаштардын жолугуушусу болду. Каныбек Капашович “Улуттук баалуулук бүгүн жана эртең” аттуу темада жаштардын алдында сүйлөдү. Жаштар Каныбек Капашовичти чоң кызыгуу менен угуп, аягында өз суроолорун беришти. [ngg src=”galleries” ids=”22″ Read more…

TIKAда жолугушуу

2019-жылдын 7-февраль күнү уюмдун жетекчиси Шайкидинов Аскар Токторбекович жана маданият бөлүмүнүн башчысы Раатбек ууу Бактилек Түркия Республикасынын Түрк кызматташтыгы жана кординация агенттигинин Кыргызстандагы жетекчиси урматтуу АЛИ МУСЛУ мырзанын кабыл алуусунда болду.Жолугушууда билим берүү, маданият жана эки өлкөнүн жаштарынын кызматаштыгы талкууланды. АЛИ МУСЛУ мырза өз сөзүндө уюм менен билим берүү тармагында Read more…

Маданият, маалымат жана туризм министри Жаманкулов Азамат Капарович менен жолугуушу

Үстүбүздөгү жылдын 30-январь күнү уюмдун жетекчиси А.Т. Шайкидинов жана маданият бөлүмүнүн башчысы Раатбек уулу Бактилек министр Азамат Капарович менен жолугшуу болду. Жолугуушунун жүрүшүндө жаштар арасында маданий жана улуттук баалуулуктарды өнүктүрүү, маалыматты так жеткирүү багыттында эки тараптуу кызматташуу талкууланды. Жолугуушунун соңунда Азамат Капарович уюмга алгылуктуу иштерди алып барууга ийгилик каалап, иштешүүгө Read more…