22-ноябрь Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында “Китепканадагы түн – 2019” социалдык-маданий акциясы “Санарип доорунда китеп жана китеп окуу” темасында жогорку деңгээлдеги иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Н. Кадырбеков, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери жана кызматкерлери, чет элдик элчиликтердин, билим берүү жана маданий борборлордун, шаар тургундарынын, жаштар, студенттер жана окуучулар катышышты. Акцияга арналып 60 секция катышуучуларга даярдалып тартууланды. Биздин уюм жогорудагы акцияны уюштуруучулардын бири катары санарип форматтагы “Online окурман” сынагын уюштурду. Сынак Маданият, маалымат жана туризм министиринин орун басары Нуржигит Кадырбековдун “Япон кереметинин сыры” китебинин негизинде өткөрүлдү. Сынактын ачылышы абдан жакшы жаңылык менен башталды себеби Түркия Илим жана Адабият Мураскорлорунун Биримдиги (İLESAM)жана анын мүчөлөрү, акын-жазуучулар жана окумуштуулар тарабынан топтолгон 10000 китептин 4500 даанасы Улуттук китепканага белеке берүү менен башталды. Сынактын башталышында Нуржигит Кадырбеков агайыбыз китепти жазуудагы кызыктуу окуяларды жана тарыхын айтып, жаштарды ыймандуулукка, талыкпай билим алууга, китепти көп окууга чакырып, каалоо тилектерин арнады. Улуттук китепкананын мүдүр профессор Бакашова Жылдыз Кемеловнада катышуучуларга накыл-кеп, ой-пикир, каалоо-тилектерин билдирип, уюмду китепкана менен дагы да тыгыз иштешүүгө чакырды. Сынак кызыктуу өттү, себеби биринчи жолу санарип форматта болду. Сынактын жыйынтыгында эң жогорку балл (269) топтоп Базарова Айчүрөк “Мыкты окурман” наамына ээ болду, мындан тышкары 9 катышуучуга сертификаттар тапшырылып, финалдык оюнга катышууга жолдомо алышты. Билимдүү жаштар, өнүккөн өлкө!
⏬⏬⏬


0 Comments

Leave a Reply

Avatar placeholder

Your email address will not be published.