Россия Федерациясынын Челябинск облусунда “Башталгыч Фермер”
эл аралык бизнес оюнунун алкагында тажрыйба алмашуу үчүн Кыргыз Республикасынан кесипкөй жаштар барды.
Жаштар Түштүк Урал Мамлекеттик Агрардык Университетинде, “Семейное подворье” эко чарбасында болушуп, Челябинск облусунун музейлеринде болушту.
Челябинск облусунун айыл чарба ишканаларына, тактап айтканда Брединский жана Карталинский муниципалдык аймактарында конкто болушту. Алар ишканалардын жетекчилеринин тажрыйбаларын үйрөнүп, бул ишканаларда иштин кандай жолго коюлгандыгын көрүп, пйдалуу кеңири маалымат алышты.
Практика жемиштүү жана кызыктуу өттү деп эсептейбиз. Биздин жаштар бул сапарда керектүү жана пайдалуу маалымат, тажрыйба алды деп ишенебиз! Кыргызстандын жаштарын өнүктүрүүдө эл тажрыйба чоң салым кошот!