25-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусунда “Республикалык жаштар конгресси” өттү.
Аталган иш-чаранын негизги багыты улуттук кызыкчылык үчүн мамлекеттик органдар менен жаштар уюмдарынын күчүн пайдалануу жана кызматташуу үчүн жаңы “Биздин келечек” аттуу жаштар Программасы жалпы делегаттарга тааныштыруу болуп саналат. Ошондой эле жаштарга багыт көрсөтүү, жаңы коомдук долбоорлор менен таанышуу жана жаштардын демилгелерин колдоого багытталган конгресстин алкагында келечектин ээлери аталган жаштардын бүгүнкү көйгөйлөрү жана эртеңки өнүгүү жолдору талкууланды. “Республикалык жаштар конгрессине” өлкөбүздүн бардык аймактарынан жаштар, жогорку окуу жайлардын студенттери жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнөн турган делегаттардын келишти.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри А.Б. Баетов катышып, жаштар менен түз сунуш-пикир алмашуусу болду.
Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары С.Н. Надырбековдун жаштар багыты боюнча жарым жылдык отчету угулуп, иш-чарага Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло медалдарынын ээлери Айсулуу Тыныбекованын, Мээрим Жуманазарованын, белгилүү коомдук ишмерлердин жана жаш активисттердин катышуусу менен өттү.
Конгресстин жүрүшү 26 -октябрь күнү да уланып, катышуучулар үчүн “Ата-Бейит” тарыхый мемориалдык комплексине зыярат уюштурулду.