2019-жылдын 27-30 ноябрь күндөрү Россия Федерациясынын Алтай Республикасында жана Алтай крайында ШКУга мүчө мамлекттердин университтетеринин студенттик лидерлеринин ||| эл аралык Саммити болуп өттү. Уюмдун президенти Шайкидинов А.Т. жаштар саясаты жана жаштарга багытталган долбоорлорду башкаруу боюнча эксперт катары катышып, жаш лидерлер менен иш алып барып, өз тажрыйбасын менен бөлүштү. Мындан тышкары Кыргызстандагы жаштар тарабынан аткарылып жаткан иштер туурасында маалымат берди. Уюмдун билим берүү жана социум бөлүмүнүн башчысы Муратбек кызы Нурай дагы жаш лидерлердин катарында катышып, мол тажрыйба топтоого жетишти. Бул Саммит Бүткүл Россиялык Студенттер Кенешмеси тарабынан уюштурулуп 150 ашуун жаш лидерлеринин башын бириктирди. Саммиттин негизги максаты ШКУнун алкагында студенттердин билим берүү тармагында тажрыйба алмашуу, студенттер арасында soft skills тармагын өркүндөтүү, социалдык жана эл аралык долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөөгө ашыруу. Саммиттин алкагында жаш лидерлер бир топ пайдалуу долбоорлорду иштеп чыгышып эксперттерге тартуулашты. Жакынкы жылдарда эки тараптуу долбоорлорду ишке ашырууга тыгыз байланыштар түзүлдү деп ишенебиз!


0 Comments

Leave a Reply

Avatar placeholder

Your email address will not be published.