2022-жылдын 28-май күнү Бириккен Жаштар Уюму, Ислам кызматташтыгынын Жаштар Форумунун Евразиялык аймактык борбору жана “Жарандык коомдогу дебаттар” уюму менен биргеликте, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан жаштар Конгрессинин колдоосунда “YNTYMAK CUP” дебаттык турнирин ийгиликтүү өткөрүп алдык!
Бул дебаттык турнирге 36 команда (72 катышуучу) активдүү катышып, турнир абдан кызыктуу өттү! Турнирдин жыйынтыгында 🏆🏆🏆
🥇1-орунду “У Вас презумпция”-Нурсултан Ибрашов, Рустам Байголопов
🥈2-орунду “Ideateam A” – Тилек Эгембердиев, Алтынай Абдыраимова
🥉3-орунду “БеДа”-Давид Сабиров, Бермет Маасалиева
ээлеп, диплом жана кызыктыруучу белектер менен сыйланышты жана жалпы катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
Ал эми 1-орунду алган командага Конгресстин төрагасы Аскар Шайкидинов Эл аралык дебаттык турнирге Кыргыз Республикасынан катышууга жолдомону ыйгарды..
Турнирдин максаты жаштардын дебат жаатындагы билимин жана тажрыйбасын жогорулатуу, эл алдында сүйлөө жөндөмдүүлүгүн арттыруу болуп саналат жана бул турнир максатына жетти деп ойлойбуз.
Турнирдин жыйынтыгында дебаттын катышуучулары жана башкы сот Самат Анаркулов уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип, турнир эң мыкты деңгээлде уюштурулганын жана ар бир уюштурулган турнир дебатерлер үчүн чоң майрам экенин баса белгилеп өттү.
Турнир тууралуу кошумча мааламатты төмөнкү ссылкадан алсаңыз болот: https://tabbymanas.herokuapp.com/y_cup/