Карысы бардын, ырысы бар ! Бул макал кадырман аталарыбыздын, акылман энелерибиздин касетине тайанып, даанышмандыгына карап калк арасына таралганы эч талашсыз! 1-октябрь Эл аралык карылар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Чын ден-соолук, узун өмүр жана тынчтык тилейбиз! Бирок биз бүгүнкү күндө карыларыбызды канчалык денгээлде сыйлап, барктап жана кадырлап атканыбыз коомдо өзү таразаланууда. Жогоруда белгилеп кеткендей 1- октябрь Эл аралык карылар күнү деп, белгиленип жана майрамдалат. Ушул себептен 28 – сентябрь күнү кайдыгер карабаган биздин жаштар жана ыктыярчылар «Жүрөктөн жүрөккө» деген демилге менен кайрымдуулук акциясына уюштурду. Акция Бишкек шаарынын Интергельпо көчөсүндөгү карылар үйүндө уюштурулуп, үйдүн айланасына жана ички болмолоруно тазалоо, ирээтке келтируу иштери жүрүп, ата, апаларга чакан белектер таратылды. Ыктыярчылар жана уюмдун жетекчилери чогулткан каражатка керектуу нерселер сатып алынып, тапшырылды. Карыларды кадырлап, барктайлы!
Билим берүү долбоорлору
Дебат 2023
“Гейдар Алиевдин чечендик мектеби” – Кыргызстан эл аралык дебат чемпионатынын улуттук этабынын финалы: 2023-жылдын 14-май күнү Бириккен Жаштар Уюму, Ислам кызматташтыгынын Жаштар Форумунун Евразиялык аймактык борбору жана “Жарандык коомдогу дебаттар” уюму менен биргеликте, Маданият, маалымат, Read more…
0 Comments