2019-жылдын 8-9-ноябрь күндөрү Бириккен Жаштар Уюму “Жаңы толкун 5.0” долбоорунун алкагында Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун жаштары жана мектеп окуучулары үчүн IT технология, билим берүү, туризм, реновация, урбанизация, социалдык долбоорлор, экология, ыктыярчылык, укук жана башка багыттар боюнча тренинг, мастер-класс жана интерактивдүү окутууларды өткөрдү. Мындан тышкары мектеп окуучуларына жана жаштарга Туруктуу Өнүктүрүү Максаттар туурасында кеңири маалымат берилип, талкуу болду. Маалыматты практикалык түрдө бышыктоо максатында ар бир окуучу баяндама жазап, өз ой-пикирлерин билдиришти. Аймактарда жаштардын жана мектеп окуучуларынын жаңы форматтагы иш-чараларга, технология, интерактивдүү ыкмада окутулган билим берүү системасына кызыгуусу абдан жогору экенине күбө болдук. Жаштардын максаттуу жана жалындуу ой-пикир, сунуштары, алдыга койгон максаттары бизди дагы да ишти улантууга чоң мотивация берди. Биз бул долбоорду жакынкы учурда жана келечекте Кыргызстандын аймактарында бардык жаштар менен биргеликте чогуу улантабыз. Жогорудагы иш-чарага биздин өнөктөштөр болгон роботтук техника боюнча “Robosky” окуу борборуна, “Kyrgyzstan trevel” туристтик журналынын негиздөөчүсү Назаралиев Данияр мырзага жана Кыргызстандагы ТӨМдүн 17 максатынын жаш элчиси Жээналиев Элдияр мырзага иш-чараны өткөрүүгө зор салым кошкондугу үчүн чын дилибизден терең ыраазычылык билдиребиз


0 Comments

Leave a Reply

Avatar placeholder

Your email address will not be published.