Жакында ИКУ Эл аралык мамилелер академиясынын модели 2022 башталат! Эгер сиз “ИКУ модели деген эмне? Ал эмне үчүн керек?” деп сурасаңыз, анда биз сизди бул модель менен тааныштырабыз!
Ислам Кызматташтык Уюмунун модели ИКУнун ишмердүүлүгүнүн академиялык симуляциясы болуп саналат, анын жүрүшүндө катышуучулар эл аралык мамилелердин теориялык жана практикалык чөйрөлөрүндөгү актуалдуу тенденциялар менен таанышат, натыйжалуу коммуникация боюнча тренингдерге жана семинарларга катышуу менен дипломатия тармагында тажрыйба алышат.

Жыйынтыгында ИКУ моделинин симуляциялык конференциясы уюштурулат. Конференциянын жүрүшүндө төрт комитетте талкуулар өтөт, анда ар бир катышуучу ИКУга мүчө өлкөнүн расмий өкүлү катары катыша алат. Сиз ошондой эле катышуучу комитеттердин биринин төрагасы же катчысы болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Комитеттер: 1. Ислам билим берүү, илим жана маданият уюму

Заманбап дүйнөдөгү ислам маданияты жана билим берүүнүн артыкчылыктары.

2. Экономикалык иштер боюнча Ислам комиссиясы

Күн тартиби: ИКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоо.

3. ИКУнун тышкы иштер министрлеринин кеңеши

📌1. Азыркы эл аралык мамилелерде жана дүйнөлүк дипломатияда ОКУнун ролу
2. Жаңы дүйнөлүк түзүлүштө ИКУнун структураларын жана институттарын модернизациялоого жаштардын көз карашы.
4. Ислам илимий-техникалык өнүгүү фонду

Күн тартиби: Жакынкы Чыгыштын технологиялык өнүгүүсү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү

ИКУ модели 25-30-июль күндөрү аралыгында өтөт.

ИКУ моделинде катышуучулар дипломатия жана эл аралык кызматташуу, эл алдында эркин сүйлөөнү жана коммуникация боюнча кызыктуу маалыматтарга ээ болууга чоң мүмкүнчүлүк алышат.

Жумушчу тилдер: кыргызча
Орусча

2022-жылдын 25-июнуна чейин катталсаңыз болот.

ИКУ моделинде көрүшкөнчө!

📍Регистрация: +996552-44-70-90