Кыргыз Республикасынын Бириккен Жаштар Уюму 2020 — жылы “Башталгыч фермер” бизнес-оюнун ишке киргизүүнү пландаштырууда.

       Бизнес-оюн “Башталгыч фермер” жаштарды айыл-чарба тармагында ишкерлик менен алектенүүгө багыт берүүчү ийгиликтүү эл аралык деңгээлдеги долбоор экенин тастыктай алды.

       Оюн Россиянын айылдык жаштар кеңешмеси тарабынан, Казан шаарындагы болуп өткөн айыл жаштарынын эл аралык конгрессинин алкагында сунуш кылынып уюм жетекчилеринин катышуусунда талкууланды.

         Оюн кызыктар болгон баардык тармактагы жаштарды бир аянтчага бириктирүүгө чон өбөлгө боло алат.

     Өз сөзүндө, Бириккен Жаштар Уюмунун президенти Аскар Шайкидинов, “Кыргызстан жаратылыш ресурстарына бай, айыл-чарба багытында өлкө экенин баса белгилеп жаштарды айыл-чарба тармагын өнүктүрүүгө шыктандырып жана кызыгуусун арттыруубуз зарыл” деп билдирди. Ошондуктан,”Башталгыч фермер” бизнес-оюнунун тажрыйбаларды эки тараптуу алмашуу менен  биргелешип өткөрүү абдан маанилүү.

        Интеллектуалдык таймаштарга катышуу биздин айылдык балдарга өз долбоорлорун көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет, ал эми биз өз кезегинде келечектүү долбоорлорду жүзөөгө ашырууга болгон күч аракетибизди жумшайбыз.