2020-жылдын 20-февралында Бириккен Жаштар Уюмунун жетекчилери Шайкидинов А.Т., Чеченбеков Д. Д. Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарында өткөн “Жеңүүчү – элдин эрдиги: жалпы тарых жана жалпы эскерүү мурунку СССР өлкөлөрүнүн аймагында” атылышындагы Эл аралык тегерек үстөлүнө катышышты. Бул иш-чара Улуу Жеңиштин 75-жылдык маарекесине арналып уюштурулду. Жогорудагы тегерек үстөлгө Кыргызстан, Казакстандын жана Урал Федералдык университетинин жаштары, студенттер, окуучулары катышышты. Мындан тышкары Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугу, Россия Федерациясынын Тышкы иштер министирлигинин өкүлдөрү болушту. Иш-чаранын алкагында “Урал-Евразия” эксперттик клубу менен Бириккен Жаштар Уюмунун жетекчилери эки тараптуу кызматташууга кол коюшту..
Uncategorized
“Түрк тилдүү жаштардын” эл аралык фестивалы!
“Түрк тилдүү жаштардын” эл аралык фестивалы! 11-15-июль аралыгында Өзбекстандын Кокон шаарында “Түрк тилдүү жаштардын” эл аралык фестивалы болуп өттү! Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташуу, жаштардын социалдык-экономикалык активдүүлүгүн жогорулатуу, аларды бизнес,туризм Read more…