Китеп бул- улуу нерсе, эгер аны адам колдоно билсе

2019-жылдын 14-мартында Спорт ордосунда жайгашкан Жаштар борборунда Бириккен Жаштар Уюму «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылына карата Куштарбек Кимсанов жана Курсанали Баймурадовдордун “Өлкөнү өнүктүрүүчү өзгөчө өрнөктөр” чыгармасы боюнча экинчи китеп сынагын өткөрдү. Сынактын шарттары өзгөрүлбөй,интеллектуалдык оюн 3 тур менен өттү.
1-турда катышуучулар тест түрүндө түзүлгөн суроолорго жооп беришип, жогору упайларды алган 12 киши экинчи турга өтүштү.
2-турда катышуучулар татаал суроолорго жооп беришти. Кийнки турга болгону 5 адам өттү.
3-тур интеллектуалдык оюн брейн-ринг түрүндө өткөрүлдү.
Сынактын аягында үч турдун упайлары кошулуп,жыйынтыктар чыгарылып,салтанаттуу ыйгаруу аземи болду. Сынактын жеңичүүлөрү Тынарбек кызы Кенжегүл, КУУ(1 орун);Муратбекова Мадина ,КГУСТА(2 орун); Алимбекова Нурзат,КУУ(3 орун) болуп чыгышты.

Comments are closed.