Бириккен Жаштар Уюму «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылына карата жаш экономист Лариса Буракованын «Грузия кантип реформа жасай алды» китебинин негизинде сынак уюштуруп жатат. Бул китепте грузин саясатчысы Михаил Саакашвилинин бийлигинин тушундагы жасалган реформалардын ишке ашуусу баяндалган. Тагыраагы, Грузияда 2003-жылдагы ыңкылаптан кийинки жасалган чечкиндүү реформалар тууралуу сөз болот.
Сынак 2019-жылдын 15-апрелинде саат 15.00 Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунун жаштар борборунда өтөт.
Сынакка катышыш үчүн шарттар жөнөкөй:
-бул китепти окуп;
-каттоодон өтүңүз.