Бул китепте асыл сапат адамдардын бейнеси берилди.Катардагы жарандардан баштап, бардык кесип ээлери, бөбөктөрдөн баштап улгайган адамдарга жана турмушунда таасирдуу тарбия принцибин кармангандар үчүн да өзгөчө үлгү болчу чыгармалардан куралды. Жыйынтыктап айтканда, бул китеп жаркын жашоого жарык жол, жашоо жагдайыбызды жаңылап жакшыртууга жардамчы болуучу калем изи.
Бириккен Жаштар Уюму «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылына карата Куштарбек Кимсанов жана Курсанали Баймурадовдордун «Өлкөнү өнүктүрүүчү өзгөчө өрнөктөр» чыгарма боюнча китеп сынагын уюштуруп жатат.
Сынак 2019-жылдын 14-мартында саат 14.00 Жаштар борборунда өтөт.
Сынакка катышыш үчүн шарттар жөнөкөй:
-бул китепти окуп;
-каттоодон өтүңүз.