Китеп бул-улуу нерсе, эгерде аны адам колдоно билсе

2019-жылдын 13-февралында Спорт ордосунда жайгашкан Жаштар борборунда Бириккен Жаштар Уюму «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылына карата Григорий Петровдун “Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы” чыгармасы боюнча китеп сынагын өткөрдү.
Интеллектуалдык оюн 3 тур менен өттү.
1-турда катышуучулар тест түрүндө түзүлгөн суроолорго жооп беришип, жогору упайларды алган 12 киши экинчи турга өтүштү.
2-турда катышуучулар татаал суроолорго жооп беришти. Кийнки турга болгону 5 адам өттү.
3-тур интеллектуалдык оюн брейн-ринг түрүндө өткөрүлдү.
Сынактын аягында үч турдун упайлары кошулуп,жыйынтыктар чыгарылып,салтанаттуу ыйгаруу аземи болду. Сынактын жеңичүүлөрү Салайдинов Абдисалам,КТУ”Манас” ( 1 орун); Олжобек кызы Уулкан, БГУ (2 орун);Рыскул кызы Айгерим, КУУ(3 орун) болуп чыгышты.
Бириккен Жаштар Уюму дагы көп китеп сынактарын уюштурат, ошондуктан жаштарды китеп окууга жана ушундай сынактарда өз билимин сынап көрүүгө чакырат!

Comments are closed.