Конок студенттер

2019-жылдын 26-апрелинде Эл аралык студенттер бирикмелери федерациясы (UDEF), Медиа жана Маданият коомдук бирикмеси Бириккен Жаштар Уюму менен бирге Кыргызстанда экинчи жолу эл аралык студенттердин жолугушуусун өткөрүшүштү. Кыргызстанды тандап окууга келген студенттер катышуучуларды өз өлкөлөрү, маданияты, салттары менен тааныштырышты. 28- апрель күнү Токмок шаарындагы жайгашып, байыркы убакытта тургузулган Бурана мунарасына сапар уюштурулду.

Comments are closed.