Кыргызстан жана Россия жаштарынын лидерлеринин Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков Сооронбай Шарипович менен жолугушуу

28.07.19 Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Рух Ордо” маданият борборунда Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин Кыргызстан жана Россия жаш лидерлери Форумунун катышуучулары менен жолугушуусу өттү. Катышуучулардын арасында Кыргыз Республикасынын Бириккен Жаштар Уюмунун Президенти Шайкидинов Аскар Токторбекович болду.
Мамлекет башчысы Форум эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө түрткү болоруна ишеним билдирип, жаш лидерлерге ак жол, бекем ден соолук жана бак-таалай каалап, жаштык бир жолу келерин, ошондуктан мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай өз долбоорлорун, пландарды жана мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырууга жетишип калуу керек экенин эске салды.
Форумдун алкагында бир катар келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлуп, ишкерликти өнүктүрүү, туризм, ыктыярчылык, региондордогу жаштардын ролун жогорулатуу чөйрөлөрүндө кызматташуу тууралуу макулдашуулар жетишилди.

Comments are closed.