Кыз-жигит сармерден

2019-жылдын 19-мартында Бириккен Жаштар Уюму жаштар арасында «Кыз-жигит сармерден» оюнунун уюштурду.
Бул иш-чараны маданият бөлүмүнүн жетекчиси Раатбек уулу Бактилек уюштурду. Иш-чаранын жүрүүсүндө ырлар ырдалып, макал-ылакаптар , жаңылмачтар, табышмактар айтылды.
Калыстар тобунда кыргыз Эл Артисти, белгилүү композитор Атайбек Бөдөшөв агайыбыз, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Анара Сарымсакова эжейибиз жана Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, «Кыз-жигит сармерден» теледолбоорунун алып баруучусу, эрке бала Талант Карагулов болушту.
Катышуучулар ыраазычылык кат жана грамоталар менен сыйланышты.

 

 

Comments are closed.