Өлкөбүздүн тилин жана жаштарын кантип өнүктүрсөк болот?

2019-жылдын 17-майында Бириккен Жаштар Уюмунун түштүк аймак боюнча филиалынын жамааты директор Абдулахатов Амантурдун жетекчилиги менен Араван районунун мектеп окуучулары үчүн “Өлкөбүздүн тилин жана жаштарын кантип өнүктүрсөк болот?” аттуу кароо сынагын өткөрдү. Иш-чара көркөм окуу жана маанилүү талкуулоо менен коштолду. Иш-чарада Ош шаардык жаштар комитетинин төрагасы Берхмаматов Иззатбек, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин башкы адиси Зарипбек уулу Санатбек,электрондук журнал жана күндөлүктүн негиздөөчүсү Кутбидин уулу Медер жана “Перспектив” окуу борборунун түштүк регионундагы директору Улан Абдыраевдер конок болуп кетишти.

Comments are closed.