Мамлекеттик тилге 30 жыл

23-сентябрь кыргыз тили Кыргыз Республикамынын Мамлекеттик тил макамын алгандыгынын 30-жылдык маарекесине карата Бириккен Жаштар Уюму жана Ленин райондук администрациясы жумалык иш-чаралардын ачылышы катары тилдин бүгүнкү абалын талкуулоо максатында жолугушуу уюштурду. Жолугушууда кылым карыткан тилдин бүгүнкү күндөгү абалы, өнүгүшү, колдонулушу жана коомчулуктун ой-пикири талкууланып, бир топ сунуштар айтылды. Кыргыздын жеринде, мекенибизде кыргыз тилинин күнү катары майрам белгилениши маанилуу, бирок кыргыз тилинин өнүгүшүнө, баркталышына биз үчүн по күн сайын майрам болушу жана аздектелиши зарыл! Кыргыз тили- Кыргызстанда достуктун, ынтымактын жана кызматташуунун тили !

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *